Кыргызстан климатка туруктуулукту жогорулатып
Бүгүн, 11-апрелде борбор калаада «Кыргызстан климатка туруктуулукту жогорулатып, алдын ала билдирүү системаларын өнүктүрүүдө» урааны астында климаттын өзгөрүшүнө байланыштуу табигый кырсыктарга мониторинг жана болжолдоо боюнча эл аралык илимий-практикалык конференциясы өтүүдө.
Иш-чарага Өзгөчө кырдаалдар министринин биринчи орун басары Азамат Мамбетов, министрдин орун басары Акылбек Мазарипов, ӨКМдин Өзгөчө кырдаалдарга мониторинг жана болжолдоо департаментинин директору Даурбек Сакыев жана эл аралык кызматташтык бөлүмүнүн башчысы Канат карыбай уулу катышууда. Орчундуу маселелерди талкуулоого Япония, Швейцария, Словения, Өзбекстан, Грузия, Казакстан, Кытай жана башка өлкөлөрдөн табигый кырсыктарга мониторинг жана болжолдоо жаатында чоң тажрыйбасы бар алдыңкы окумуштуулар жана практиктер чакырылган.
Өзгөчө кырдаалдар министринин биринчи орун басары Азамат Мамбетов өз сөзүндө илимий-практикалык иш-чаранын маанилүүлүгүн белгилеп, климаттын глобалдык өзгөрүшүнүн шартында кечиктирилгис милдет – өзгөчө кырдаалдарды болжолдоо жана мониторинг жүргүзүү ыкмаларын өркүндөтүү, ошондой эле алдын ала эскертүү жана адаптациялоонун эффективдүү системаларын киргизүү турарын белгиледи.
«Учурда реалдуу иш-аракет кылууга багытталган кечиктирилгис кадамдар жасоо керектиги талашсыз. Спутниктик мониторингдин инновациялык технологияларын жана жергиликтүү автоматташтырылган мониторинг станцияларын иштеп чыгууга, ишке киргизүүгө өзгөчө көңүл буруу зарыл. Бул ыкма геологиялык жана климаттык процесстердин өнүгүшү боюнча ыкчам жана так маалыматтарды алууга мүмкүндүк берет. Технологиялык чечимдер табигый кырсыктарды болжолдоонун тактыгын жогорулатууга гана жардам бербестен, климаттын өзгөрүшүнө эрте эскертүү, билдирүү жана адаптациялоо боюнча улуттук стратегияларды иштеп чыгууга көмөктөшөт жана кыйратуучу кесепеттерин азайтуунун негизги кадамы болуп саналат”, – деп баса белгиледи Азамат Мамбетов.
