Суу кодексине кол коюлду
1 июль

Суу кодексине кол коюлду

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров 2025-жылдын 30-апрелинде Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган Кыргыз Республикасынын Суу кодексине кол койду.

Кыргыз Республикасынын Суу кодексинин кабыл алынгандыгынын максаты Кыргыз Республикасынын суу фондунун жерлерин, жер үстүндөгү жана жер астындагы суу ресурстарын коргоо жана пайдалануу, башкаруу чөйрөсүндөгү укуктук мамилелерди жөнгө салуучу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын бир ченемдик укуктук актыга бириктирүү болуп саналат.

Аталган Кодексте төмөнкүлөр каралган:

– суу ресурстарын жөнгө салуу чөйрөсүндө колдонуп аткан терминдердин түшүндүрүүчү аппараты тактоо жана толуктоо;

– Кыргыз Республикасынын “Суу жөнүндө” жана “Кыргыз Республикасынын суу объектилерин, суу ресурстарын жана суу чарба объекттерин мамлекеттер аралык пайдалануу жөнүндө” Мыйзамдарынын ченемдерин киргизүү менен күчүн жоготту деп таануу;

– жер үстүндөгү жана жер астындагы суу ресурстарын коргоону жана пайдаланууну жөнгө салуу чөйрөсүндөгү жетекчиликти жүзөгө ашыруучу ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдарды аныктоо ошондой эле алардын функцияларынын кайталанышына жол бербөө максатында бөлүштүрүү;

– мамлекеттик суу администрациясынын ишин жөнгө салуучу ченемдер алып салуу;

– суу ресурстары боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен суу чарбасы боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын ортосунда функцияларды бөлүштүрүү;

– суу ресурстарын пайдаланууну башкарууда бассейндик ыкманы колдонуу зарылдыгын аныктаган ченемдер сактоо;

– жер үстүндөгү жана жер астындагы суу ресурстары пайдаланууга уруксат берүү тутумун ишке ашырууну жана иштетүүнү жөнгө салуучу ченемдер ж.б.

Ушул Кодекс расмий жарыяланган күндөн тартып алты ай өткөндөн кийин колдонууга киргизилет.