Бекешев Бишкектеги ботаникалык бакчага футбол аянтчасын курууга каршы: Ал жердин багыты такыр башка
14 январь

Бекешев Бишкектеги ботаникалык бакчага футбол аянтчасын курууга каршы: Ал жердин багыты такыр башка

Депутат Дастан Бекешев Бишкектеги ботаникалык бакчага футбол аянтчасын куруу идеясына каршы чыкты.

Ал Жогорку Кеңештин жыйынында президенттин парламенттеги ыйгарым укуктуу өкүлүнө кайрылып, ботаникалык бакчанын багыты такыр башка экенин айтты.

“Мен футболго каршы эмесмин, бирок бир дагы футболист ботаникалык бакчага футбол аянтчасын куруп бергиле деп суранган эмес. Бул бакчанын багыты, максаты такыр башка эмеспи. Ал жер шаардыктар үчүн чоң мааниге ээ. Балдар, жаштар, пенсионерлер барышат, бирок футбол ойногону эмес, сейилдегени. Футбол аянтчасын курууга боло турчу башка жерди мен таап берейинчи”, – деди депутат.

Ал президентке ушул суранычын жеткирип коюуну өтүндү.