Нарын шаарында биринчи жолу таштанды сорттоочу ишкана ачылды
10 декабрь

Нарын шаарында биринчи жолу таштанды сорттоочу ишкана ачылды

Нарын шаарында биринчи жолу таштандыларды сорттоочу ишкана ачылды. Бул тууралуу шаардык мэриянын маалымат кызматынан кабарлашты. 

Маалыматта айтылгандай, “Карга жайлоо” таштанды полигонунун жанына салынган ишканада турмуш тиричилик калдыктарынын 7 түрү сорттолуп, кайра иштетилет. Жалпы 20 жумушчу орун түзүлөт.

“Эко ресурс технология” жоопкерчилиги чектелген коому жана НУРП тарабынан 9 миллион сомго бааланган ишканада 1 саатта 4 тоннага чейин таштанды сорттолот.

Ишкананын мындан аркы ишин жакшыртуу, мүмкүнчүлүгүн кеңейтүү Президенттин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Нурбек Сатаровдун, Нарын шаарынын мэри Жайнак Немат уулунун жана каржылык колдоо көрсөткөн “Ага Хан” өнүктүрүү уюмунун жетекчилигинин катышуусунда жеринде талкууланды.

Таштандыларды сорттоочу жай Нарын шаардык туруктуулугун жогорулатуу программасынын алкагында, шаарда таштандынын кайра иштетүүнү тажрыйбалоо менен санитардык тазалыкты камсыздоо, экологияны сактоого багытталган долбоор Нарын шаардык мэриясы жана Нарын шаарынын туруктуулугун жогорулатуу программасынын биргелешкен иш максаттарынын негизинде ишке ашты.