Суусамыр ороонундо мыйзамсыз балык улоого жана таштанды төгүүгө каршы рейд өткөрүлдү
2025-жылдын 22-23-августунда Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигине караштуу Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынын Чүй регионалдык башкармалыгы тарабынан Жайыл жана Панфилов райондорунун, ошондой эле Суусамыр өрөөнүндөгү Кожомкул, Кызыл-Ой айылдарынын жана Көкөмерен дарыясынын аймагындагы суу объектилеринде рейдик иш-чара өткөрүлдү.
Текшерүү учурунда мыйзамсыз балык улоонун жалпы 7 фактысы аныкталып, 266-беренесинин 1-болугу менен 7000 сомго административдик протокол түзүлдү.
Мындан сырткары, рейд учурунда эс алуу борборлордун ээлери менен курулуш жана тиричилик таштандыларын козомолго алып, айлана чойрону таза кармап, тазалыкты сактоо боюнча иш чаралары откорулду.
Жалпысынан 21-июндагы рейдик иш-чаранын жыйынтыгында 5 эс алуу борборлордун ээлери менен жолугушуу отту.
Суунун жээгинде жүргөн жарандарга балык улоо үчүн атайын уруксат кагазы талап кылынаары тууралуу маалымат берилди. Тартип бузгандардын көбү балык улоо мыйзам менен жөнгө салынарын жана уруксат алуу керектигин билишпейт экенин белгилешти.
Эскерте кетсек, балык улоого расмий уруксат Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигине караштуу Балык чарба департаментинен @fish.department берилет.
Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматы жарандарды жаратылыш ресурстарын мыйзам чегинде пайдаланууга жана жаратылышты коргоого чакырат.
