Жалал-Абад шаарында мыйзамсыз суу пайдалануу фактысы аныкталды
24 июль

Жалал-Абад шаарында мыйзамсыз суу пайдалануу фактысы аныкталды

Жерди жана сууну көзөмөлдөө боюнча кызмат тарабынан Жалал-Абад шаардык мэриясынын карамагындагы «Жалал-Абадсууканал» суу түтүктөрү жана канализация чарбасынын чарбалык эсептеги башкармалыгында текшерүү жүргүзүлүп, Кыргыз Республикасынын жер жана суу мыйзамдарынын талаптарынын бузулушу аныкталды.

Текшерүүнүн жүрүшүндө «Жалал-Абадсууканал» мекемеси жер үстүндөгү жана жер алдындагы сууларды тиешелүү уруксат берүүчү документтери жок пайдаланганы белгилүү болду. Бул факт Кыргыз Республикасынын «Укук бузуулар жөнүндө» кодексинин 250-беренесинин 3-пунктуна ылайык мыйзам бузуу катары бааланып, мекемеге 29 000 сом өлчөмүндө айып салынды.

Белгиленген айып толугу менен мамлекеттик бюджеттин эсебине өндүрүлдү. Жерди жана сууну көзөмөлдөө боюнча кызмат мындан ары да мыйзам бузууларды алдын алуу жана көзөмөл иштерин күчөтүүнү улантат.