Кара-Кой участогундагы таштандылар тазаланып, жооптуу тараптарга айып пул салынды
24 июль

Кара-Кой участогундагы таштандылар тазаланып, жооптуу тараптарга айып пул салынды

2025-жылдын 18-23-июль күндөрү Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигине караштуу Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынын Жалал-Абад регионалдык башкармалыгы тарабынан Базар-Коргон районуна караштуу Арстанбап-Ата айыл өкмөтүндө пландык текшерүү иштери жүргүзүлдү.

Текшерүүнүн жүрүшүндө аталган айыл өкмөттүн Кара-Кой участогунда иретсиз ташталып калган турмуш-тиричилик калдыктары аныкталды. Экологиялык коопсуздукту сактоо максатында, бул таштанды жайы тиешелүү кызматтардын жардамы менен толугу менен тазаланып, айлана-чөйрө калыбына келтирилди.

Текшерүүнүн жыйынтыгында, экологиялык мыйзам бузуу фактысы катталып, Арстанбап-Ата айыл өкмөтүнө Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар кодексинин 115-1-беренесине ылайык 17 000 сом айып пул салынды. Мындан сырткары, мыйзамсыз таштандыларды таштаган эки жеке жаранга тиешелүү берене боюнча 5 500 сом жана 10 000 сом өлчөмүндө айып пулдар салынды.

Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматы жарандарды жана жергиликтүү бийлик органдарын жаратылышты коргоого, экологиялык эрежелерди сактоого чакырат.