Кыргызстанда 5 бассейндик башкармалык түзүлөт
20 январь

Кыргызстанда 5 бассейндик башкармалык түзүлөт

Кыргызстанда Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин Суу ресурстары кызматына караштуу 5 бассейндик башкармалык түзүлөт. 

Айыл чарба министрлигинен кабарлашкандай, суу ресурстарын пайдаланууну башкарууда бассейндик ыкманы киргизүү максатында Министрлер Кабинети төмөнкүлөрдү түзүү боюнча токтом кылат:

  • Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу Суу ресурстары кызматы алдындагы "Талас суу ресурстарынын бассейн башкармалыгы" мамлекеттик мекемеси;
  • Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу Суу ресурстары кызматы алдындагы "Чүй суу ресурстарынын бассейн башкармалыгы" мамлекеттик мекемеси;
  • Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу Суу ресурстары кызматы алдындагы "Ысык-Көл-Тарим суу ресурстарынын бассейн башкармалыгы" мамлекеттик мекемеси;
  • Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу Суу ресурстары кызматы алдындагы "Нарын-Сыр-Дарыя суу ресурстарынын бассейн башкармалыгы" мамлекеттик мекемеси;
  • Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу Суу ресурстары кызматы алдындагы “Кара-Дарыя-Сыр-Дарыя-Аму-Дарыя" суу ресурстарынын бассейн башкармалыгы” мамлекеттик мекемеси. 

Бассейндик башкармалыктарды түзүү боюнча министрлик иш алып барат, ал эми токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Президенттин Администрациясынын жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлөт.