Ысык-Көлгө 1,2 млн даана карп-сазан чабагы коё берилди
20 сентябрь

Ысык-Көлгө 1,2 млн даана карп-сазан чабагы коё берилди

2025-жылдын 18-сентябрында Балык өнөр жай комплекси департаментинин Регионалдык акклиматташтыруу жана балык өндүрүү-өстүрүү бөлүмү тарабынан Ысык-Көл көлүнүн №7, 9 жана 13 балык уулоочу участокторуна салмагы 30–35 грамм болгон 1,2 млн даана карп-сазан чабактары коё берилди.

Адистердин маалыматына ылайык, мындай иш-чаралар жыл сайын жүргүзүлүп, көлдөгү балык ресурстарын сактап калууга жана көбөйтүүгө өбөлгө түзөт. Чабактарды коё берүү экосистеманын калыбына келишине, биологиялык ар түрдүүлүктүн өсүшүнө жана региондун балык чарбачылык базасын бекемдөөгө жардам берет.

Мындан тышкары, Ысык-Көлгө балык чабактарын үзгүлтүксүз коё берүү келечекте балык уулоо көлөмүн көбөйтүүгө, жергиликтүү калкты жумуш орундары менен камсыз кылууга жана балык чарба тармагын туруктуу өнүктүрүүгө өбөлгө болору күтүлүүдө.