Ош шаарында жазгы жашылдандыруу жана санитардык тазалоо иштери күчөтүлөт
Ош мэриясы
13 март

Ош шаарында жазгы жашылдандыруу жана санитардык тазалоо иштери күчөтүлөт

Күн мурун, 12-мартта Ош шаарын жашылдандыруу, көрктөндүрүү жана санитардык тазалоо боюнча жазгы үч айлык боюнча штабдын экинчи жыйыны өткөрүлдү. Бул тууралуу мэриядан кабарлашты.

Ага Ош шаарынын мэринин орун басары Эрнис Толтоев, мекеме-ишканалардын, окуу жайлардын жетекчилери, айылдык аймактык жана муниципалдык аймактык башкармалыктардын башчылары катышты.

Жыйында жазгы үч айлыктын алкагында өткөрүлүүчү ишембиликтерди жогорку уюшкандыкта өткөрүү, интернет провайдерлерине тиешелүү чубалгыларды инвентаризациялоого алып, тартипке салуу жана аялдамаларды, шаардын көркүн бузган көрнөк-жарнактарды иретке келтирүү, казылган көрүстөндөрдүн ордун тегиздеп, көчөттөрдү эгүү жана шаар боюнча жашылдандыруу иштерин тездетүү маселелери каралды.

Мындан сырткары мекеме-ишканаларга өздөрүнө бөлүнгөн аймактарды тазалоо, көрктөндүрүү иштеринде жоопкерчиликтүү мамиле жасап, жогорку деңгээлде иш алып баруу жана жалпы шаар тургундарын ишембиликке активдүү катышууга чакыруу тапшырмасын койду.

Белгилей кетсек, Улуттук «Жашыл Мурас» кампаниясынын алкагында жарыяланган жазгы үч айлык өнөктүгү Ош шаарында 2026-жылдын 1-мартынан 31-майына чейин улантылат.