Бишкекте тиричилик калдыктарын башкаруу боюнча жыйынтыктоочу конференция өттү
Бишкек шаарында катуу тиричилик калдыктарын (КТК) башкаруу жаатындагы соңку жыйынтыктар жана келечектеги демилгелер талкууланган республикалык конференция болуп өттү.
Иш-чарага Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын, Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин, Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттиктин, ошондой эле муниципалитеттердин жана жарандык коомдун өкүлдөрү катышты.
Конференцияда мамлекеттик органдар менен эл аралык өнөктөштөрдүн биргелешкен аракетинин алкагында жетишилген жыйынтыктар сунушталып, алдыдагы максаттар белгиленди. Бир жыл ичинде 4 облус, 6 район жана 31 муниципалитет камтылып, КТК кызматтарын жакшыртуу боюнча аймактык жана жергиликтүү аракеттердин пландары иштелип чыгып, ишке ашырылды.
Мындан тышкары, 80 миллион сом көлөмүндөгү гранттык программа ишке киргизилип, анын алкагында 31 долбоор колдоо тапты. Ошондой эле тарифтик саясат, жарандык бюджет жана калдыктарды башкаруу боюнча 10 багытта окутуулар уюштурулду.
