
«Суу менен камсыздоого жана санитарияга жалпы жеткиликтүүлүк» программасына кошулуу жөнүндө мыйзам долбоору биринчи окууда колдоо тапты
Бүгүн, 19-июндагы Жогорку Кеңештин жыйынында «2025-жылдын 21-апрелинде кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын ортосундагы Каржылоо жөнүндө макулдашууну («Суу менен камсыздоого жана санитарияга жалпы жеткиликтүүлүк» программасынын 1-фазасы), Кыргыз Республикасы менен «Кыргыз Республикасында суу менен камсыздоого жана санитарияга жалпы жеткиликтүүлүк» программасынын Көп тараптуу донордук трасттык фондунун администратору катары иштеген Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын ортосундагы Грант жөнүндө макулдашууну («Суу менен камсыздоого жана санитарияга жалпы жеткиликтүүлүк» программасынын 1-фазасы) жана 2025-жылдын 6-июнунда кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Азия инфраструктуралык инвестициялар банкынын ортосундагы «Суу менен камсыздоого жана санитарияга жалпы жеткиликтүүлүк» программасынын 1-фазасы боюнча кредиттик макулдашууну ратификациялоо жөнүндө» мыйзам долбоору каралып, биринчи окууда кабыл алынды.
Министрлер кабинетинин төрагасы демилгелеген мыйзам долбоору менен Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министринин орун басары Жаныбек Керималиев тааныштырды. Анын айтымында, программа Ош, Чүй жана Ысык-Көл облустарындагы 126 айылдык калктуу конуштарда коопсуз ичүүчү сууга жана санитарияга жеткиликтүүлүктү жакшыртууга багытталган. Бул долбоордун алкагында 425 000ден ашык адам таза суу менен камсыз болот.
Муну менен катар жыйында «Бишкек шаарында 2025-жылдын 17-мартында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосундагы «Чүй облусунда суу ресурстарын пайдалануунун натыйжалуулугун жогорулатуу» долбоору боюнча Кредиттик макулдашууну (№ 55372), Европа бирлигинин Гранттык макулдашуусун (№ 55372) жана Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын акционерлеринин атайын фондунун Гранттык макулдашуусун (№ 55372) ратификациялоо тууралуу» мыйзам долбоору биринчи окууда колдоого ээ болду.
Ошондой эле «2025-жылдын 14-мартында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Азия инфраструктуралык нвестициялар банкынын ортосундагы «Суу менен камсыздоого жана санитарияга жалпы жеткиликтүүлүк» программасынын 1-фазасын даярдоо боюнча гранттык макулдашууну ратификациялоо жөнүндө» мыйзам долбоору үч окууда кабыл алынды.