Ошто электр унааларын кубаттоочу 10 станция орнотулду
Ош шаарынын Курманжан датка көчөсүндө электр унааларын кубаттоочу станциялар орнотулуп жатат.
Мэриянын басма сөз кызматынан кабарлашкандай, учурда 10 станция орнотулуп бүтүп, ишке берилүү алдында турат. Жакынкы күндөрү дагы 20 даана кошулат, ушул тапта орду даярдалууда.
Бул электр унааларын кубаттоочу станциялар Ош шаарынын мэриясынын жеке менчиги.
Жабдуулар муниципалдык такси кызматындагы унааларга гана эмес, электромобиль айдаган бардык жарандарга кызмат көрсөтөт.
