Тармактык комитет ичүүчү суу менен камсыздоого байланышкан бир катар каржылык макулдашууларды ратификациялоо боюнча мыйзам долбоорлорун карады
8 сентябрь

Тармактык комитет ичүүчү суу менен камсыздоого байланышкан бир катар каржылык макулдашууларды ратификациялоо боюнча мыйзам долбоорлорун карады

Бүгүн, 8-сентябрда Жогорку Кеңештин Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү боюнча комитетинин жыйынында «2025-жылдын 4-апрелинде Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Кувейт араб экономикалык өнүктүрүү фондунун ортосундагы «Кыргыз Республикасынын Чүй, Ысык-Көл жана Нарын облустарынын айылдарындагы калктуу конуштарды суу менен камсыздоону жана саркынды сууларды чыгарууну өнүктүрүү» долбоорун алдын ала иштеп чыгууну жана техникалык-экономикалык негиздемесин даярдоону каржылоо жөнүндө гранттык макулдашууну ратификациялоо тууралуу» мыйзам долбоору биринчи окууда каралып, колдоо тапты. 

Маалымат менен суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министринин орун басары Алмаз Жээналиев тааныштырып, мыйзам долбоору Чүй, Ысык-Көл жана Нарын облустарындагы 68 айылды, анын ичинде жалпы 200 миңге жакын калкты ичүүчү суу менен камсыздоо иштери үчүн техникалык-экономикалык изилдөөлөрдү жүргүзүү жана алдын ала дизайнды даярдоо максатында иштелип чыкканын билдирди. 

Талкуу маалында депутат Эльдар Абакиров өлкөдөгү көпчүлүк таза суу түтүктөрүнүн эскилиги жеткенин айтып, оңдоп-түзөө иштерин тезирээк ишке ашыруунун маанилүүлүгүн белгиледи. Депутат Алишер Эрбаев таза суу долбоорлорундагы айрым мүчүлүштүктөрдү сынга алып, тармакка бөлүнгөн каражаттарды үнөмдүү пайдаланууга жана жумуштарды өз убагында бүткөрүүгө чакырды. Депутат Жылдыз Таалайбек кызы ичүүчү суу программасы үчүн айылдар кандай тартипте тандалып жатканына кызыкты. Ар кандай башаламандыктарга жол бербөө үчүн долбоорлоо жана уюштуруу иштери кылдат иштелип чыгышы керектигин айткан депутат Акбөкөн Таштанбеков бул жаатта күчтүү адистердин жетишсиздигин да эске салды. Депутат Табылды Муратбеков тиешелүү милденмелерин аткарбаган компанияларга кандай жоопкерчиликтер каралганын сурады. Эл өкүлдөрү Камила Талиева менен Жаныбек Кыдыкбаев тармактагы сот иштеринен улам айрым жерлерде жумуштар толугу менен токтоп калганын билдирип, көйгөйдү чечүүнүн башка жолдорун издөөгө чакырышты. Ал эми депутат Балбак Түлөбаев менен комитет төрагасы Аманкан Кенжебаев сугат суу тармагын бирдиктүү саясаттын негизинде жүргүзүүнүн артыкчылыгын белгилешти.