Бакыт Төрөбаев Парижде WOAH уюмуна мүчө өлкөлөрдүн министрлери менен жолугушту
Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары – Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Бакыт Төрөбаев Бүткүл дүйнөлүк жаныбарлардын саламаттыгын коргоо уюмунун (мындан ары - WOAH) Ассамблеясынын Башкы сессиясынын алкагында, уюмга мүчө өлкөлөрдүн өкүлдөрү-министрлер менен болгон жабык жолугушууга катышты.
Бул 2024-жылы уюмдун башкы сессиясында Ассамблея тарабынан шайланып, кызматка киришкен WOAH уюмунун Башкы директору, доктор Эммануэль Субейран тарабынан демилгеленген министрлер деңгээлиндеги биринчи жолугушуу.
Ошондой эле, бул жолугушуу WOAH уюмунун 8-стратегиялык планын (2026-2031) иштеп чыгуу максатында уюштурулду. Негизги максаты – уюмдун стратегиялык артыкчылыктарын талкуулоо үчүн жогорку деңгээлдеги диалогду түзүү, саясий диалогду өнүктүрүү жана өнөктөштүктү бекемдөө.
Жолугушуу – ачык жана интерактивдүү талкуу үчүн эки негизги темага арналды.
- Бүткүл дүйнөлүк жаныбарлардын саламаттыгын коргоо уюмунун (WOAH) мүчөлөрү уюмдан эмнени күтүшөт? Аталган тема боюнча министрлер уюмдун ролу жана колдоосу боюнча өздөрүнүн артыкчылыктарын, муктаждыктарын жана каалоолору тууралуу ой бөлүшүштү. Бул салым 8-стратегиялык пландын багытын аныктоого жана анын жергиликтүү реалдуулукка шайкеш болушуна көмөк көрсөтөт.
- Жаныбарлардын саламаттыгын глобалдык саламаттык сактоонун негизги компоненти катары кантип көрсөтүүгө болот? Бул талкуу жаныбарлардын саламаттыгын кеңири саламаттык сактоо жана өнүгүү программаларына интеграциялоого арналат. Ага ветеринардык кызматтардын инфратүзүмүнө инвестиция салуу, кадрдык потенциалды өнүктүрүү жана улуттук саламаттык сактоо системасында тийиштүү деңгээлде орун берүү маселелери кирет.
Жолугушуунун максатына ылайык, төмөнкүдөй жыйынтыктар күтүлүүдө:
- Жаныбарлардын саламаттыгы боюнча уюумдун лидерлигин тастыктоо;
- WOAH уюмунун стратегиялык демилгелерин колдоо боюнча министрлердин милдеттенмелерин камсыз кылуу; • Мүчө өлкөлөрдүн артыкчылыктарын, күтүүлөрүн жана туш болгон көйгөйлөрүн тереңирээк түшүнүү, андан ары WOAH тарабынан жоопкерчиликтүү чараларды жана аракеттерди иштеп чыгуу;
- WOAH менен мүчөлөрдүн ортосундагы учурдагы жетишкендиктерди жана өнөктөштүктү баса белгилөө, кызматташуунун маанилүүлүгүн көрсөтүү.
- Кийинки кызматташуулар үчүн негиз түзүү.
