Манас районунда 4 скважина тазаланып, канал жээги бекемделди
Талас облусуна карашту Манас районунун Семетей айылын таза суу менен камсыздоо үчүн 25 млн сом акча каражаты бөлүнгөн. Ага Семетей айылынын эски суу топтоочу жайындагы 4 скважина тазаланган. Аталган маселе 2024-жылы өткөн III Элдик Курултайдын делегаттары тарабынан көтөрүлгөн.
Андан сырткары, азыркы учурда К.Жаманкулов жана Ажыбек Датка көчөлөрүнүн кудукчаларынын тетиктерин алмаштыруу иштери жүргүзүлүп жатат. Ошондой эле райондогу Кыдыралы каналынын жээктерин көтөрүүгө райондук суу чарба башкармалыгы тарабынан 1 км аралыктагы жумуш аткарылды.
Белгилей кетсек, 2025-жылга карата Министрликке III Элдик Курултайдын делегаттарынан келип түшкөн суроо-талаптардын негизинде жалпы 410 пункттан турган иш-чаралар планы бекитилген. Анын ичинен 50 иш-чара (12%) аткарылган, 360 иш-чара (88%) аткарылууда, аткарылбай калган иш-чара жок.
Кайрылуулардын басымдуу бөлүгү ирригация (60%) жана таза суу маселелерине (23%) тиешелүү. Стратегиялык маанидеги маселелер учурда аткарылууда.
