Ысык-Көл районунда курулуш жана башка таштанды калдыктары ташталган жер тазаланды
видеодон алынган кадр
2 сентябрь

Ысык-Көл районунда курулуш жана башка таштанды калдыктары ташталган жер тазаланды

Жаратылыш ресурстары министрлигинин Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынын Ысык-Көл регионалдык башкармалыгы тарабынан интернет булактарына тараган видео материалдын негизинде Ысык-Көл районунун Семеновка айылындагы Арал коктусунда мыйзамсыз жана белгиленбеген жерге курулуш жана башка таштанды калдыктары ташталгандыгы боюнча жеринде ыкчам кароо иштери жүргүзүлдү.

Жерине комиссия түзүлүп, иш-чарага Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматы, Экотехмилициянын кызматкерлери, Ысык-Көл районунун мамлекеттик администрациясынын башчысы – аким жана айыл өкмөтүнүн кызматкерлери катышты.

Жүргүзүлгөн иш-чаранын жүрүшүндө мыйзамсыз ташталган курулуш жана башка таштанды калдыктары толук тазаланып, ирээтке келтирилди.

Мыйзамсыз таштанды ташталгандыгы боюнча тиешелүү тарапка мыйзамда белгиленген тартипте чаралар көрүлөт.