"Тазалык" ишканасы көчөлөрдү жууп- тазалоодо
24 март

"Тазалык" ишканасы көчөлөрдү жууп- тазалоодо

«Тазалык» муниципалдык ишканасы Бишкек шаарындагы көчөлөрдү  жууп-тазалоо иштерин жүргүзүүдө. Иштер түнкү саат 00:00дө башталат.

Бул иштерге 46 даана суу чачуучу жана айкалышкан атайын техника тартылып, алар таңкы саат 6:00гө чейин шаар боюнча жүрүп иштешет. Тазалоо иштери негизги магистралдык жолдорду да, кошумча көчөлөрдү да камтыйт.

Шаар тургундарынан жүргүзүлүп жаткан иштерге түшүнүү менен мамиле кылууну суранабыз.