Талиева Кыргызстанда токойлор азайып, курулуштар көбөйүп жатканына тынчсызданды
19 июнь

Талиева Кыргызстанда токойлор азайып, курулуштар көбөйүп жатканына тынчсызданды

Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Камила Талиева президентке, жалпы коомчулукка кайрылуу жасады. 

Ал өлкөдөгү токой чарбасындагы көйгөйдү көтөрүп, барган сайын токой тилкелери азайып, анын ордуна ар кандай курулуштар курулуп жатканына тынчсызданды. 

“Токой системасынын бузулушу чоң көйгөйлөрдү жаратат. Кыргызстанда 5 миң гектардай жер аянтындагы токойлор ар кандай бузууларга дуушар болууда. Мисалы, туризм тармагы өнүгүүдө, чет өлкөдөн келген туристтер жыл өткөн сайын көбөйүп жатат. Аларды тоолорубуз жана ажайып жаратылышыбыз кызыктырат. Бул жаатта иштеген ишкерлер токой аянттарын ижарага алып, эс алуучу жайларды куруп жатышат. Мындай нерседе тийиштүү кызматтардын адамдары менен жең ичинен сүйлөшүүлөр болуп кетери да жашыруун эмес”, – деди Талиева. 

Бирок депутаттын айтымында, токой чарбасын ижарага алган тараптын жоопкерчилиги так көрсөтүлгөн эмес. Ижара мөөнөтү бүткөндө курулуштар кайра бузулабы же калабы, белгисиз. Ошондой эле токой чарбасын ижарага берүүдөн жылына 50 миллион сом пайда түшөт, бул аз. 

Камила Талиева ижарага акысын кайра карап чыгууну жана ижарага төлөнгөн акы гана токой чарбасынын кирешеси болуп саналгандыктан, ижарага алып иштеткен тараптын кирешеси көмүскөдө калып жатканын белгилеп, бул маселеге терең көңүл бурууну сунуштады.