«Жаркыраган тоо» – Ошто балдар үчүн экологиялык спектакль тартууланды
Султан Ибраимов атындагы Ош улуттук драма театрында 30-сентябрда ТРЭШ-фесттин алкагында «Жаркыраган тоо» аттуу экологиялык жомоктун негизиндеги спектаклдин премьерасы өттү. Бул тууралуу Маданият министрлигинен кабарлашты.
Спектакль Н. Шамурзаев атындагы Ош облустук куурчак театры тарабынан белгилүү коомдук ишмер жана жазуучу Алтын Капалованын жомогу боюнча сахналаштырылган.
Коомчулукта таштанды маселеси күч алып турган учурда бул чыгарма жаратылышты коргоого, калдыктарды туура сорттоого жана кайра иштетүүгө чакырык таштайт.
Спектакль башталаар алдында каалоочулар үчүн атайын экологиялык акция уюштурулду: 15 даанадан кем эмес пластик бөтөлкө алып келгендерге белекке китеп берилди.
Топтолгон бөтөлкөлөр «ЭкоПазл» экологиялык уюму аркылуу кайра иштетүүгө жөнөтүлдү.
Белгилей кетсек, иш-чара Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлиги жана Ош шаарынын мэриясы тарабынан уюштурулду.
