Бишкек шаары жана Аламүдүн районунда атмосфералык абанын булгануусун алдын алуу боюнча рейд өткөрүлдү
8 сентябрь

Бишкек шаары жана Аламүдүн районунда атмосфералык абанын булгануусун алдын алуу боюнча рейд өткөрүлдү

2025-жылдын 5-сентябрында Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигине караштуу Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынын Бишкек шаары жана Аламүдүн району боюнча регионалдык башкармалыгынын инспекторлору Милициянын кайгуул кызматы башкармалыгы менен биргеликте “Атмосфералык абаны автотранспорт каражаттарынын булгануусунан коргоо” максатында рейддик иш-чара өткөрүштү.

Бул иш-чаранын негизги максаты – автотранспорт каражаттарынан чыккан зыяндуу заттардын деңгээлин көзөмөлдөө жана абанын булгануусунун алдын алуу аркылуу жарандардын ден соолугун коргоо болуп саналат.

Рейддин жүрүшүндө аткарылган иштердин жыйынтыгында Кыргыз Республикасынын “Укук бузуулар жөнүндө” Кодексинин 234-беренесине ылайык, абаны булгоо фактылары боюнча жеке жактарга карата 2 протокол түзүлүп, жалпы 15 000 сом өлчөмүндө айып пул салынды.

Мындан тышкары, айдоочуларга атмосфералык абаны коргоо, техникалык талаптарга жооп берген автоунааларды колдонуу жана экологиялык нормаларды сактоо боюнча түшүндүрүү иштер жүргүзүлдү.

Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматы коомчулукту жарандык жоопкерчиликке чакырып, ар бир жаранды жана айдоочуну айлана-чөйрөнү таза сактоого, мыйзам талаптарын сактоого үндөйт.