Кыргызстанда 11 миңден ашуун кооптуу тилкелер аныкталган — ӨКМ
5 февраль

Кыргызстанда 11 миңден ашуун кооптуу тилкелер аныкталган — ӨКМ

Бүгүнкү күндө Кыргызстандын аймагында 11 миң 388 кооптуу участок аныкталган. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен кабарлашты. 

Маалыматта айтылгандай, кооптуу табигый процесстерге 2025-жылы 1 932 изилдөө иштери жүргүзүлдү. Аныкталган тилкелер тууралуу жергиликтүү бийлик органдарына 405 атайын эскертме берилип, 1 236 корутунду чыгарылган.

Ал эми 2026-жылга карата кооптуу табигый процесстердин активдешүүсү багытында сел, суу ташкын жана жер көчкү коркунучтары кайсы аймактарда жогору экенин көрсөткөн карталар түзүлдү.

Аталган шарттарды эске алуу менен, облустук башкармалыктарга кооптуу табигый процесстердин мүмкүн болгон активдешүүсүнө алдын ала даярдык көрүү, анын ичинде тобокелдиктерди баалоо, калкка эрте кабар берүү механизмдерин күчөтүү, коркунучтуу участоктордо профилактикалык жана инженердик чараларды көрүү тапшырмасы коюлду.