Данияр Амангельдиев Бишкектеги “Кока-Кола” заводунун экологияга эч кандай зыяны жок деп эсептейт
Депутат Жылдыз Садырбаева Жогорку Кеңештин жыйынында Бишкектин Ленин районундагы Лущихина көчөсүнүн кайрылуусун Министрлер Кабинетине жеткирди.
Айтымында, аталган көчөнүн тургундары "Кока-Кола" заводунун ишмердүүлүгүнө каршы болушууда. Алар заводдон зыяндуу жыттар чыгып, ден соолуктарына терс таасирин берип жатканын билдиришкен.
“Негизи завод туура эмес курулуптур, санитардык нормалар сакталган эмес. Өзүнчө курулбай, тургундардын үйлөрүнө улай салынган”, – деди депутат.
Министрлер Кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Данияр Амангельдиев мындай билдирүүгө макул болгон жок.
Ал аталган заводдун ишмердүүлүгү менен жеке өзү таанышып чыкканын, экологияга эч кандай зыяны жоктугун белгиледи.
