Аксыда мыйзамсыз аңчылык кылган жарандар кармалды
1 март

Аксыда мыйзамсыз аңчылык кылган жарандар кармалды

2026-жылдын 22-февраль күнү, Аксы РИИБдин кызматкерлери тарабынан райондун аймагында кылмыштуулукка каршы багытталган “Бандит”, “Уурулук” жана “Өспүрүм түн" аталышындагы рейддик иш-чараларынын жүрүшүндө Аксы районунун аймагындагы автожолдордун биринде “AUDI 100” үлгүсүндөгү автоунаа токтолулуп текшерүүгө алынган.

Текшерүү учурунда автоунаанын ичинен 3 даана ок атуучу куралдар, ок дарылар жана баштыкчага салынган жапайы жаныбардын эттери табылган. Алынган куралдарга карата соттук- баллистикалык экспертиза дайындалган.

Аталган факт боюнча Аксы РИИБнин тергөө кызматы тарабынан, Кыргыз Республикасынын Кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталып, Кыргыз Республикасынын Кылмыш-Жаза кодексинин 267-беренеси (Куралды, ок-дарыларды мыйзамсыз жүгүртүү) менен кылмыш иши козголгон.

Тергөө амалдарынын жүрүшүндө шектүү катарында 1958-жылы туулган М.Б., 1972-жылы туулган Б.Ж., жана 1971-жылы туулган Р.С. аттуу тургундары кармалып, тергөө амалдары улантылууда.