Экологиялык экспертиза 10 күндө: Кыргызстанда процедура оңойлоштурулду
Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров “Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (“Кыргыз Республикасында жекече турак-жай курулушу жөнүндө”, “Экологиялык экспертиза жөнүндө”, “Кыргыз Республикасында экологиялык коопсуздукту камсыз кылуу боюнча жалпы техникалык регламент” Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койду.
Мыйзам 2025-жылдын 26-июнунда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган.
Мыйзамдын максаты мамлекеттик экологиялык экспертиза жүргүзүү процессин оптималдаштыруу, долбоордук документтерди кароого талап кылынган убакытты кыскартуу, эксперттик комиссиялардын ишинин натыйжалуулугун жогорулатуу болуп саналат.
Мыйзамда төмөнкүдөй ченемдер каралган:
1) “Кыргыз Республикасында жекече турак-жай курулушу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 9-беренесинде жекече турак үйдү куруу Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталган тартипте белгиленген уруксат берүү документтеринин негизинде жүзөгө ашырылары белгиленген;
2) “Экологиялык экспертиза жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамында мамлекеттик экологиялык экспертизаны жүргүзүү мөөнөтү үч айдан 10 жумуш күнгө чейин кыскартылат, ал экспертизанын объектисинин татаалдыгы менен аныкталат:
- чек ара аралык таасири бар объекттер – 60 жумуш күн;
- коркунучтуулуктун I категориясындагы объекттер – 40 жумуш күн;
- коркунучтуулуктун II категориясындагы объекттер – 20 жумуш күн;
- коркунучтуулуктун III категориясындагы объекттер – 10 жумуш күн;
3) “Кыргыз Республикасында экологиялык коопсуздукту камсыз кылуу боюнча жалпы техникалык регламент” Кыргыз Республикасынын Мыйзамында кен калдыктары жылына 300 тоннадан ашкан объектилердин долбоорлоруна мамлекеттик экологиялык экспертизаны жүргүзүү ыйгарым укуктуу органдын территориалдык бөлүнүштөрүнө жүктөлөрү белгиленген.
