Чоң-Алай районунда «Алтын-Дара» каналы жаңыланууда 
19 сентябрь

 Чоң-Алай районунда «Алтын-Дара» каналы жаңыланууда 

Ош облусунун Чоң-Алай районундагы Чоң-Алай айыл аймагынын түштүк тарабында жайгашкан Алтын-Дара Р-1 (сол) каналынын реконструкциясы башталды. Бул канал Алтын-Дара МК (сол) каналы аркылуу сугат суусун алып, Х-23 жана Х-17 каналдарына сууну жеткирип, Кара-Шыбак жана Кум-Талаа массивтеринин жалпы 300 гектар аянтын суу менен камсыз кылат.

Реконструкция иштери каналды заманбап талаптарга ылайык оңдоо жана жаңылоо багытында жүргүзүлүп жатат. Каналдын жалпы узундугу 9.8 км түзүп, суу өткөрүү жөндөмдүүлүгү 0,5 м³/с болуп саналат. Реконструкциянын негизги максаты – сугат суу тартыштыктарын жоюп, аймактагы дыйкан жана фермерлерге үзгүлтүксүз сугат суусун берүү.

Алтын-Дара Р-1 (сол) каналынын жаңыланган инфраструктурасы сугат суусунун жеткиликтүүлүгүн жана агымдын туруктуулугун камсыз кылып, айыл чарба өндүрүмдүүлүгүн жогорулатууга көмөкчү болот.

Аталган жумуштар Чоң-Алай райондук суу чарба башкармалыгы тарабынан ишке ашып, айыл чарба секторунун натыйжалуулугун арттырып, дыйканчылыкты колдоого багытталган маанилүү кадам болуп саналат.