Жаратылыш ресурстары министри Бишкек абасы булганыч шаарлардын катарына кошулганына ишенбейт
Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Сүйүнбек Өмүрзаков Бишкектеги ыш маселесин көтөрдү.
Ал абанын булгануусунун себептери да аныкталганын, алар: жеке секторлор жана ЖЭБ көмүр колдонуусу, эски автоунаалардын көбөйгөнү, жашыл зоналардын аздыгы экенин эске салды. Ошол эле убакта депутат ушул маселелерди чечүү үстүндө Министрлер Кабинети кандай иштерди алып барып жатканына кызыкты.
“Абанын булганышынын индекси айрым учурда 200дөн ашууда, бул карылар, балдар жана дем алуу жолдорундагы оорулары бар адамдар үчүн өтө коркунучтуу чек”, – деди ал.
Жаратылыш ресурстары министри Медер Машиев мындай билдирүүгө макул эмес. Ал Бишкектеги абанын сапаты жылдан жылга жакшырып баратат деп эсептейт.
“Бул көйгөйдү чечүү боюнча 3 негизги багытты аныктап, катуу иштерди жүргүзүп жатабыз. Курамына 8 депутат жана 23 мекеменин өкүлдөрү кирген комиссия түзүлгөн. Газификация боюнча жеңилдетилген насыялар берилүүдө, бүгүнкү күнгө карата буга 150 миллион сом жумшалды. Бүткүл дүйнөлүк банктын 50 миллион долларлык долбоору 2025-жылдын экинчи жарым жылдыгында иштеп баштады. Мен Бишкекти абасы эң булганыч шаарлардын катарына кирди дегенге кошула албайм. Андай деңгээл жок”, – деди министр.
Ал Кыргызгидрометтин аба сапатын аныктаган байкоо системасын жаңылап жатышканын, ал быйыл жыл соңуна чейин ишке кирерин белгиледи. Ошондой эле министр Бишкектеги абанын көрсөткүчүн билүү үчүн IQAir сыяктуу сайттарга эмес, Кыргызгидрометтин маалыматына гана таянуу керектигин кошумчалады.
