Кыргызстан тоолуу аймактарды туруктуу өнүктүрүү үчүн эл аралык кызматташтыкты күчөтүүдө
Кыргыз Республикасынын Президентинин тоолуу аймактар боюнча атайын өкүлү Динара Кемелова Глобалдык экологиялык фонддун (ГЭФ) Башкы директору Карлос Мануэль жана Дүйнөлүк Банктын Климаттын өзгөрүшү боюнча Глобалдык директору Валери Хики менен жолугушууларды өткөрдү.
Вашингтондо (АКШ) өткөн сүйлөшүүлөрдүн максаты тоолуу өлкөлөрдүн кызыкчылыктарын глобалдык климаттык жана экологиялык күн тартибинде илгерилетүү боюнча эл аралык кызматташтыкты кеңейтүү жолдорун, ошондой эле тоолуу аймактарда ишке ашырылып жаткан долбоорлорду каржылык колдоонун мүмкүн болгон форматтарын талкуулоо болду.
Жолугушуулардын жүрүшүндө Динара Кемелова өлкөнүн тоолуу аймактарды туруктуу өнүктүрүү жаатындагы негизги демилгелерин, анын ичинде Тоолуу аймактарды туруктуу өнүктүрүүнүн беш жылдыгын ишке ашырууну тааныштырды. Бул эл аралык мезгилдин алкагында Кыргызстан тоолуу экосистемаларды колдоо үчүн эл аралык көңүлдү жана ресурстарды мобилизациялоого багытталган бир катар программалар жана долбоорлор менен чыгууда.
Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө тараптар климаттын өзгөрүшү, тоо экосистемаларынын деградациясы, биологиялык ар түрдүүлүктүн жоголушу, мөңгүлөрдүн кыскарышы, суу коопсуздугун камсыз кылуу жана жергиликтүү жамааттардын климаттык туруктуулугу боюнча пикир алмашышты.
Динара Кемелова тоолуу өлкөлөрдүн климаттын өзгөрүшүнө өтө аялуу экенин жана эл аралык институттардын тиешелүү программаларды, анын ичинде табигый кырсыктардын тобокелдиктерин азайтууну каржылоого активдүү катышуусу зарылдыгын баса белгиледи.
Мындан тышкары, табиятка багытталган чечимдерди колдоо (nature-based solutions), экосистемалык кызматтар үчүн төлөм механизмдерин өнүктүрүү, тоо токойлорун калыбына келтирүү жана мөңгүлөрдү коргоо сыяктуу багыттар да талкууланды.
Эл аралык уюмдар Кыргыз Республикасынын глобалдуу тоо маселелерин илгерилетүүдөгү активдүү жана туруктуу позициясын жогору баалашып, өлкөнүн бул багыттагы лидерлигинин маанилүүлүгүн белгилешти.
Жолугушуулардын жыйынтыгында мындан аркы координациянын, анын ичинде "Бишкек+25" саммитине даярдык көрүү, долбоордук сунуштарды иштеп чыгуу жана Кыргыз Республикасынын демилгелерин эл аралык аянтчаларда илгерилетүү зарылдыгын түшүнүүгө жетишилди.
