Жайыт жеринде эндуро мотоцикл айдаган жаранга айып пул салынды
15 август

Жайыт жеринде эндуро мотоцикл айдаган жаранга айып пул салынды

2025-жылдын 15-августунда Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигине караштуу Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынын Бишкек шаары жана Аламүдүн району боюнча регионалдык башкармалыгынын инспекторлору тарабынан жайыт жеринде, тапталбаган жол жок жерде эндуро мотоцикл айдаган факты аныкталды.

Бул мыйзам бузуу боюнча К.П. аттуу жаранга Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндөгү кодексинин 245-беренесинин 2-бөлүгү боюнча 5 500 (беш миң беш жүз) сом өлчөмүндө айып пул салынып, түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.

Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматы эскертет: жаратылыш ландшафттарын бузуу жана өсүмдүктөргө зыян келтирүү экосистема үчүн узак мөөнөттүү терс таасир тийгизет жана уникалдуу жаратылыш объекттерин жоготууга алып келиши мүмкүн. Мындай аракеттер мыйзамга ылайык жоопкерчиликке тартылат.