Азербайжан Кыргызстандын тоо жаатындагы демилгелерин колдоого даяр
6 март

Азербайжан Кыргызстандын тоо жаатындагы демилгелерин колдоого даяр

Бакуда 5-мартта Кыргызстандын Азербайжандагы элчиси Максат Мамытканов Азербайжан Республикасынын тышкы иштер министринин орун басары Ялчин Рафиев менен жолугушту. Бул тууралуу КР ТИМден кабарлашты.

Тараптар Кыргызстандын тоолуу аймактарды туруктуу өнүктүрүү боюнча демилгелерин, атап айтканда, БУУнун Климаттын өзгөрүшү боюнча Алкактык Конвенциясынын (UNFCCC) ар жылдык иш-чарасы катары тоолор жана климаттын өзгөрүшү боюнча диалогду бекемдөө жана UNFCCC алкагында "Тоо өнөктөштүгү" сүйлөшүү тобун кеңейтүү маселелерин талкуулашты.

Ошол эле учурда азербайжан тарапка 2025-жылдын 24-25-апрелинде Бишкек шаарында өткөрүлүшү пландалган "Туруктуу өнүгүү үчүн глобалдык тоо диалогу / Бишкек+25" эл аралык конференциясына катышуу үчүн расмий чакыруулар берилген.

Ялчин Рафиев Азербайжан тараптын Кыргыз Республикасынын тоо жаатындагы демилгелерин илгерилетүү маселелерине колдоо көрсөтүүгө даяр экендигин билдирди.