«Электрондук балык уулоо билет» системасы иштелип чыгып, ишке киргизилди
Кыргыз Республикасынын Улуттук Илимдер Академиясынын Биология институтунун ихтиология жана гидробиология лабораториясы менен макулдашылып Балык өнөр жайы комплекси департаменти тарабынан 2025-жылга карата Республикадагы балык чарбасына караштуу суу объектилеринде спорттук-ышкыбоздук балык уулоону жүргүзүү үчүн балык уулоо лимити бекитилген.
Балык уулоо иш-чараларын эффективдүү уюштуруу максатында, коомдук бирикмелер жана жоопкерчилиги чектелген коомдор менен келишимдер түзүлгөн.
«АгроСмарт» мамлекеттик ишканасы Департаменттин катышуусунда Кыргыз Республикасынын «электрондук балык уулоо билет» системасын иштеп чыгып, ишке киргизди. Бул билеттерди Министрликтин расмий сайтындагы «Кызматтар» бөлүмү аркылуу жана «Мегапей» төлөм оператору аркылуу сатып алууга болот. Бул иш-чара билеттерди алуу процессин бир топ жеңилдетти, кызматты республиканын бардык аймактарында жарандар үчүн жеткиликтүү кылды жана кагаз документтерди колдонууну азайтууда.
2025-жылдын 9 айынын натыйжалары боюнча, балык уулоо билеттеринин жана карточкаларынын сатылышынан түшкөн сумма 11 859 502 сомду түздү, бул 2024-жылдын ушул мезгилиндеги көрсөткүчтөн (2 655 942 сом) бир нече эсе көп.
Департаменттин адистери билдиргендей, спорттук-ышкыбоздук балык уулоого болгон кызыгуу өсүшү процедуралардын жеңилдетилиши менен гана чектелбестен, суу биоресурстарына жоопкерчиликтүү мамиленин деңгээлинин жогорулашы менен да байланыштуу.
Келечекте электрондук сервистер системасын өнүктүрүүнү улантуу жана биологиялык ар түрдүүлүктү сактоо жана табигый ресурстарды туруктуу пайдалануу максатында балык улоонун лимиттерин сактоого көзөмөлдү күчөтүү пландалууда.
