Кара-Баткак мөңгүсүнө биргелешкен экспедиция: көңүл чордонунда – климаттык аракеттер жана суу ресурстарын туруктуу башкаруу
15 август

Кара-Баткак мөңгүсүнө биргелешкен экспедиция: көңүл чордонунда – климаттык аракеттер жана суу ресурстарын туруктуу башкаруу

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Эдил Байсалов жана Бириккен Улуттар Уюмунун Кыргыз Республикасындагы туруктуу координатору Антье Граве Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын Тянь-Шань бийик тоолуу физикалык-географиялык станциясына биргелешкен экспедицияга катышты. 

Экспедициянын максаты – коомчулуктун жана эл аралык коомчулуктун көңүлүн мөңгүлөрдүн, өзгөчө Кара-Баткак мөңгүсүнүн кыскаруу тенденциясына буруу. Кара-Баткак мөңгүсү бүткүл Борбордук Азия үчүн өтө маанилүү болгон таза суунун булагы болуп саналат. 

Экспедициянын жүрүшүндө катышуучулар кыргыз окумуштуулары тарабынан жүргүзүлгөн көп жылдык илимий байкоолордун жыйынтыктары менен таанышып, суу ресурстарын коргоо, Кыргызстандын бай биологиялык ар түрдүүлүгүн сактоо жана тездик менен күчөп жаткан чакырыктарга ыңгайлашуу боюнча чараларды күчөтүү маселелерин талкуулашты.

Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Эдил Байсалов туруктуу өнүгүү жаатында кабыл алынган чечимдердин негизинде илимий ыкма жатышы керектигин белгиледи: 

«Кыргызстан – мөңгүлөр өлкөсү. Биз бул уникалдуу ресурсту коргоого милдеттүүбүз. Мөңгүлөрдүн эриши – бул улуттук коопсуздуктун, суу туруктуулугунун жана өлкөнүн келечектеги өнүгүүсүнүн маселеси», – деди.

Экспедицияга ошондой эле КР УИАнын Суу проблемалары жана гидроэнергетика институтунун директору Рысбек Сатылканов катышып, мөңгүлөрдүн абалы жана алардын өлкөнүн суу ресурстарына тийгизген таасири боюнча болжолдоолор тууралуу актуалдуу илимий маалыматтарды берди.

1957-жылы негизделген Тянь-Шань физикалык-географиялык станциясы уникалдуу бийик тоолуу илимий база болуп саналат, анда ондогон жылдар бою гляциологиялык, метеорологиялык жана гидрологиялык байкоолор жүргүзүлүп келет. Станциянын байкоо зонасында жайгашкан Кара-Баткак мөңгүсү аймактагы климаттын өзгөрүүсүнүн негизги индикатору болуп саналат. 

Кыргыз Республикасы мындан ары да климаттын өзгөрүшүнө каршы күрөшүү боюнча глобалдык аракеттерге активдүү катышууну, улуттук илимий потенциалды чыңдоону жана өзүнүн мөңгүлөрүн жана экосистемаларын коргоо, ошондой эле келечек муундар үчүн суу ресурстарын туруктуу башкарууну камсыз кылуу максатында БУУ жана башка эл аралык өнөктөштөр менен кызматташтыкты кеңейтүүнү көздөйт.