Ала-Арчадагы тоо чокусуна "ШКУнун чокусу" географиялык аталышы ыйгарылды
Сүрөт ачык булактардан алынды
1 сентябрь

Ала-Арчадагы тоо чокусуна "ШКУнун чокусу" географиялык аталышы ыйгарылды

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров Кыргыз Республикасынын Чүй облусунун Аламүдүн районунун “Ала-Арча” мамлекеттик жаратылыш паркында жайгашкан бийиктиги 4050 метр аты жок тоо чокусуна “Шанхай кызматташтык уюмунун чокусу” географиялык аталышын ыйгаруу жөнүндө Жарлыкка кол койду.

Жарлыкка ылайык, Шанхай кызматташтык уюмунун түзүлгөндүгүнүн 25 жылдыгына жана 2026-жылы Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин башчыларынын Кеңешин Кыргыз Республикасында өткөрүүгө

байланыштуу, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 71-беренесин жетекчиликке алынып токтом кылынат:

1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети:

– Кыргыз Республикасынын Чүй облусунун Аламүдүн районунун «Ала-Арча» мамлекеттик жаратылыш паркында жайгашкан бийиктиги 4050 метр аты жок тоо чокусуна «Шанхай кызматташтык

уюмунун чокусу» географиялык аталышын ыйгаруу маселесин белгиленген тартипте карасын;

– үч айлык мөөнөттө Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын тиешелүү долбоорун иштеп чыксын жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна киргизсин.