Бакыт Төрөбаев: «Кыргызстан суу менен камсыздоо жана санитария секторунда тарыхый жаңылануунун этаптарына өттү»
27 ноябрь

Бакыт Төрөбаев: «Кыргызстан суу менен камсыздоо жана санитария секторунда тарыхый жаңылануунун этаптарына өттү»

Бүгүн Бишкек шаарында өткөн Суу менен камсыздоо жана санитария боюнча Форумдун ачылышында Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Tөрагасынын орун басары – Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Бакыт Төрөбаев таза суу жана санитария тармагында жүрүп жаткан кеңири масштабдуу реформалар тууралуу билдирди.

Анын айтымында, соңку жылдары өлкөнүн суу сектору тармактык саясаттын системалуу өзгөрүшүнө жана ири инфраструктуралык жаңыланууга багытталган:

«Ичүүчү суу менен камсыздоо жана канализацияны өнүктүрүү программасынын (2026-жылга чейин)» алкагында 600дөн ашык айыл-кыштакта жана 24 шаарда долбоорлор иштелип чыгып, курулуш жүрүүдө.

Акыркы беш жылда ПГИ алкагында 3,7 млрд сом, ошондой эле эл аралык өнөктөштөр тарабынан 400 млн доллардан ашык жеңилдетилген каражат жана грант тартылган.

Бүгүнкү күндө 400 миңден ашык жаран 130 айылда ичүүчү таза сууга жетти. 112 айылда курулуш, 358 калктуу конушта ПСД даярдоо уланууда.

Бакыт Төрөбаев жаңы технологиялардын активдүү киргизилип жатканын да белгиледи:

11 шаар жана 4 ири айылдын канализациялык тазалоо системалары SCADA автоматташтырылган программасында долбоорлонууда, суу станциялары энергия үнөмдөөчү жабдуулар менен жабдылууда, биллингдик системалар киргизилип, лабораториялар жаңыланууда.

Ошол эле учурда, айылдык аймактарда системаларды иштетүүдө кадрдык жана институтционалдык мүмкүнчүлүктөрдү чыңдоого муктаждык бар экени айтылды. Бул маселелер жаңы «2026–2036-жж. суу менен камсыздоо жана суу агызуу секторун өнүктүрүү программасына» киргизилген. Программанын долбоору форумдун катышуучуларына сунушталды.

Министр өнөктөштөрдүн көп жылдык көмөгүн жана стратегиялык өнөктөштүгүн жогору баалап, алардын салымы өлкөнүн Туруктуу өнүктүрүү максаты – ЦУР 6 (Таза суу жана санитария) ишке ашуусуна түз таасир берип жатканын баса белгиледи.

Ал соңунда форумдун бардык катышуучуларына ийгиликтүү иш каалап, тармактагы кийинки реформалар тууралуу кеңири маалыматты спикерлерден уга турганын билдирди.