Бишкекте экологиялык талаптарды бузган ишкана 41 миң сомго айыпка жыгылды
Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигине караштуу Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынын Бишкек шаары жана Аламүдүн району боюнча регионалдык башкармалыгы тарабынан “Таатан” ЖЧКсына контролдук текшерүү жүргүзүлдү.
Текшерүүнүн жүрүшүндө КРнын “Укук бузуулар жөнүндө” кодексинин 245-беренесинин 3-бөлүгүнүн жана 434-беренесинин талаптары бузулгандыгы аныкталып, мыйзам бузуулар боюнча тиешелүү протокол түзүлдү.
Анын негизинде жалпы суммасы 41 миң сом өлчөмүндө айып салынды.
Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматы тарабынан мыйзамдардын аткарылышын камсыз кылуу, экологиялык коопсуздукту сактоо жана укук бузууларга бөгөт коюу багытындагы иш-чаралар мындан ары да улантылат.
