Ысык-Көл жээгинен 500 метрге жакын мыйзамсыз тор алынды
Ысык-Көл облусунун ички иштер башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан көлдү жана анын био-ресурстарын коргоо максатында 2025-жылдын – күндөрү жүргүзүлгөн профилактикалык рейддин алкагында Жети-Өгүз районунун Боз-Бешик айылынын аймагындагы “Марко-Поло” пляжынын жээгинен болжол менен 450–500 метрге жакын мыйзамсыз орнотулган эски балык торлору табылып, суудан алынды.
Экологиялык абалга, жана эс алуучулардын коопсуздугуна коркунуч жаратып келген. Айрым учурларда мындай торлорго балык жана суучарбалык жаныбарлар чырмалып калып, көлдүн биологиялык тартибине олуттуу зыян келтирери белгилүү.
Ысык-Көл ОИИБдин жетекчилиги аталган рейддер жыл бою үзгүлтүксүз уланарын белгилеп, төмөнкүлөргө көңүл бурду:
«Ысык-Көл – бул улуттук байлык. Коопсуздук жана мыйзамдуулукту сактоо – баарыбыздын жалпы милдетибиз. Мыйзамсыз балык уулоо жана эски торлорду таштап кетүү экосистемага зыян гана келтирбестен, адамдардын өмүрүнө да коркунуч туудурат. Биз бул багыттагы көзөмөлдү күчөтөбүз жана мыйзам бузган адамдарга карата мыйзам чегинде чара көрүлөт».
