Ошто таштанды калдыктарын кайра иштетүүчү экологиялык завод курулат
14 май

Ошто таштанды калдыктарын кайра иштетүүчү экологиялык завод курулат

Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаев бүгүн Кытай Элдик Республикасынын “Хунань Цзюнсин” компаниясынын башкы директору Дай Даогуо жетектеген делегацияны кабыл алды. Бул тууралуу мэриядан кабарлашты. 

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар экологиялык багыттагы ири инвестициялык долбоорду — таштандыларды күйгүзүү жолу менен электр жана жылуулук энергиясын өндүрө турган заманбап завод куруу демилгесин талкуулашты.

Бул долбоор ишке ашса:

• Ош шаарын кыш мезгилинде жылуулук жана ысык суу менен камсыз кылуу мүмкүнчүлүгү жогорулайт;

• экологиялык абал жакшырат;

• заманбап технологиялар тартылып, жаңы жумуш орундар түзүлөт.

Долбоорго ылайык, завод күнүнө 2000 тоннага чейин таштанды иштетип, 50 мегаваттка чейинки электр энергиясын өндүрө алат.

Жолугушуудан кийин делегация завод курула турган аймакты жеринен көрүп чыгып, өз пикирлерин жана сунуштарын ортого салышты.

Белгилей кетсек, бул долбоор Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун атайын тапшырмасынын негизинде ишке ашууда. Буга чейин Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаев Хунань провинциясынын борбору Чанша шаарында иш сапары менен болуп, аталган компаниянын ишмердүүлүгү менен таанышып, алкактык келишимге кол койгон.