“КРнын аймагында полимер пленкасынан жасалган пакеттерди жана пластик буюмдарды жүгүртүүнү чектөө жөнүндө” Мыйзамга өзгөртүүлөр киргизилди
11 июль

“КРнын аймагында полимер пленкасынан жасалган пакеттерди жана пластик буюмдарды жүгүртүүнү чектөө жөнүндө” Мыйзамга өзгөртүүлөр киргизилди

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров “Кыргыз Республикасынын аймагында полимер пленкасынан жасалган пакеттерди жана пластик буюмдарды жүгүртүүнү чектөө жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койду.

Мыйзам 2025-жылдын 17-июнунда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган.

Мыйзамдын максаты – 2023-жылдын 9-августунда кабыл алынган Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын аймагында полимер пленкасынан жасалган пакеттерди жана пластик буюмдарды жүгүртүүнү чектөө жөнүндө” Мыйзамынын айрым беренелерин 2014-жылдын

29-майындагы Евразия экономикалык бирлигине (мындан ары – ЕАЭБ) мүчө мамлекеттер арасында түзүлгөн Келишимдин жоболоруна, Бажы бирлигинин “Таңгактардын коопсуздугу жөнүндө” техникалык регламентинин (ББ ТР 005/2011) жана учурдун талаптарына ылайык келтирүү болуп эсептелет.

Учурдагы Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын аймагында полимер пленкасынан жасалган пакеттерди жана пластик буюмдарды жүгүртүүнү чектөө жөнүндө” Мыйзамына ылайык, жүгүртүүгө тыюу салынган пластик буюмдардын тизмеси белгиленген. Бул тизмеге полимердик пленкадан жасалган баштыктардан тышкары бардык түрдөгү бир жолку колдонулуучу пластик идиш-аяктар, тамак-ашка арналган пластик таңгактар, ПЭТ бөтөлкөлөр, пластик жумуртка таңгактары жана азык-түлүк үчүн тор баштыктар кирет.

Киргизилген згртлр менен жогорудагы Мыйзамдын 3-статынын

1-бөлүгүнөн «бир жолку пластик тамак-аш таңгактары» жана «ПЭТ (полиэтилентерефталат, РЭТ) пластик бөтөлкөлөр» деген сөздөр алынып салынган.

Мындан тышкары, азыркы учурдагы бардык түрдөгү бир жолку пластик идиштердин айлануусуна коюлган тыюу, кайра иштетүүгө жатпаган бир жолку пластик идиштердин айлануусуна тыюу менен алмаштырылган.

Ошол эле учурда, Мыйзамдын 3-статынын 2-бөлүгүнө ылайык, полимер пленкадан жасалган пакеттердин жана бир жолку пластик идиштердин айлануусуна уруксат берилген тизмени, Мыйзамда белгиленген талаптарга ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети аныктайт.

Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.