Кыргызстандагы өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарында автоматташтырылган өткөрмө пункттары орнотулду
Жаратылыш ресурстары министрлиги
28 июль

Кыргызстандагы өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарында автоматташтырылган өткөрмө пункттары орнотулду

Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги ишмердүүлүгүн санариптештирүү жана өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарын натыйжалуу башкаруу максатында “Кыргыз-Ата”, “Беш-Таш” мамлекеттик улуттук жаратылыш парктарында жана “Падыша-Ата” мамлекеттик коругунда автоматташтырылган өткөрмө пункттарын орнотту.

Бул демилге жаратылыш аймактарын коргоону күчөтүүгө, транспорт каражаттарынын кирип-чыгуусун так эсепке алууга, ошондой эле финансылык ачык-айкындуулукту камсыз кылууга багытталган.

Автоматташтырылган өткөрмө пункттары аркылуу банктык карталар, QR-код жана электрондук капчыктар менен накталай эмес төлөмдөрдү жүргүзүүгө мүмкүнчүлүк түзүлүп, эс алуучулар үчүн заманбап жана ыңгайлуу тейлөө кызматы сунушталууда. Мындан сырткары, бул система адам факторун азайтып, көрсөтүлүп жаткан кызматтардын сапатын жогорулатууга жана кирешелерди ачык-айкын эсепке алууга өбөлгө түзөт.

Министрлик тарабынан жүргүзүлүп жаткан санариптештирүү иш-чаралары жаратылыш аймактарын натыйжалуу башкарууга, экологиялык коопсуздукту камсыз кылууга жана жарандар үчүн сапаттуу кызмат көрсөтүүгө багытталган.

Ошондой эле, учурда Сары-Челек мамлекеттик биосфералык аймагында жана “Кыргыз-Ата” мамлекеттик улуттук жаратылыш паркында заманбап архитектуралык талаптарга жооп берген кире бериш аркаларын куруу иштери башталды. Бул объектилер аймактардын инфраструктурасын жакшыртып, келген коноктор үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүүгө жана туристтик потенциалын арттырууга кызмат кылат.