Ишембилик: 38 миң шаар тургуну чыгып, 391,5 гектар аймак таштандыдан тазаланды
19-апрелде санитардык тазалоо жана көрктөндүрүү боюнча жарыяланган эки айлыктын алкагында шаарды тазалоого 1293 чарба субъектиси чыгышты.
Бишкек мэриясынан кабарлашкандай, ишембиликке 38 миң 81 адам катышты. Биргелешкен аракеттер менен борбордун 391,5 гектары бекитилген жана ага чектеш аймактар тазаланды.
Таштанды чыгарууга 102 даана атайын техника тартылып, 378,10 тонна таштанды чыгарылды.
Бишкек шаарынын мэриясынын муниципалдык инспекциясынын маалыматы боюнча, 580 мекеменин баары өздөрүнө бекитилген аймактарды тазалоого чыгышты.
Тазалоо иштеринин жүрүшүндө 20356 погон метр сугат тармактары тазаланды.
Эскерте кетсек, шаарды көрктөндүрүү боюнча эки айлык акция 2025-жылдын 17-майына чейин уланат.
