Ысык-Көлдө эс алуучу жайлардын жээктерин тазалоо жумуштары күчөтүлдү
Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу Суучулдар кызматынын суучулдары Ысык-Көл акваториясын тазалоо иштерин улантууда. 2025-жылдын 15-апрелинен бүгүнкү күнгө карата 3 353,42 гектар аянттан 2672 кг таштанды, 2700 метр тор чыгарылган.
Жайкы туристтик мезгил активдүү баштала электе эс алуучу жайлардын алдындагы көл жээктерин таштандылардан арылтуу жумуштары күчөтүлүүдө. Өзгөчө Чолпон-Атада шаарындагы көл жээктерине көңүл бурулуп жатат. Муну менен катар балык улоочу синтетикалык торлорду алып чыгуу иш аракеттери колго алынган. Кечээ, 13-майдан 14нө караган түнү 12 тор чыгарылды.
Белгилей кетсек, Ысык-Көлдө балыктар урук чачып жаткан мезгилине карабай, браконьерлер чабуулун токтотпой келишет.
Андыктан ӨКМдин суучулдары жарандарды балык уулоодон алыс болуп, көлүбүзгө аяр мамиле кылууга, таза сактоого чакырат.
