Аба ырайы кескин өзгөрөт. ӨКМ чукул билдирүү таратты
Сүрөт ачык булактардан алынды
9 ноябрь

Аба ырайы кескин өзгөрөт. ӨКМ чукул билдирүү таратты

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги аба ырайына байланыштуу шашылыш билдирүү таратты. 

Синиптиктердин билдирүүсүнө караганда, аномалдуу ысык аба ырайынан кийин 2026-жылдын 10-ноябрында күндүз жана 11-ноябрында Кыргызстандын аймагында аба ырайынын кескин өзгөрүлүшү күтүлөт:

10-ноябрда күндүз мезгил-мезгили менен жаан, 11-ноябрда жаан карга айланышы, тоолуу райондордо кар жаашы, айрым жерлерде жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт. Айрым жерлерде туман түшүшү күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы айрым жерлерде секундасына 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

Тоолуу райондоро жолдор тоңголок жана тайгак болот.

  • 11-13-ноябрларда абанын температурасы төмөндөп, Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -4° сууктан …+1° жылуулукка чейин, күндүз 2…7° жылуулукка чейин,
  • Талас өрөөнүндө түнкүсүн 0…-5° суукка чейин, күндүз 1…6° жылуулукка чейин,
  • Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын өрөөндөрүндө түнкүсүн 1…6°, күндүз 4…9° жылуулукка чейин,
  • Ысык-Көл ойдуңунда түнкүсүн -4° сууктан …+1° жылуулукка чейин, күндүз 3…8° жылуулукка чейин,
  • Нарын облусунун дыйканчылык аймактарында түнкүсүн -4…-9° суукка чейин, күндүз 2…7° жылуулукка чейин,
  • республиканын тоо этектериндеги райондорунда түнкүсүн -1…-6° суукка чейин, күндүз -4° сууктан …+1° жылуулукка чейин,
  • тоолуу райондорунда түнкүсүн -4…-9° суукка чейин, күндүз -3° сууктан …+2° жылуулукка чейин,
  • Суусамыр өрөөнүндө жана бийик тоолуу райондорунда түнкүсүн -10…-15°, күндүз -2…-7° суукка чейин төмөндөйт.

Мындай туруксуз аба ырайы энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин кыйындатат. Катуу жаан-чачын жааган убакта автожолдордо көрүү аралыгы төмөндөп, автоунаалардын кыймылдоосун кыйындатат.