Талас облусунда спорт жана ышкыбоздук балык уулоого убактылуу тыюу салынды
14 май

Талас облусунда спорт жана ышкыбоздук балык уулоого убактылуу тыюу салынды

Ушул жылдын 13-майынан тарта Талас облусундагы айрым дарыяларда спорттук жана ышкыбоздук балык уулоого убактылуу тыюу салынды. Бул тууралуу Айыл чарба министрлиги билдирет.

Бул чечим амударья форелинин санын сактап калуу жана калыбына келтирүү максатында кабыл алынды.

Тыюу Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын Биология институтунун сунуштамаларына жана Айыл чарба, суу ресурстары жана кайра иштетүү өнөр жай министрлигине караштуу Балык чарба департаментинин жобосуна ылайык чыгарылды. Ал 2025-жылдын аягына чейин күчүндө болот.

Мониторинг төмөнкү дарыяларда жүргүзүлөт: Шилбили, Кара-Коюн, Беш-Күл, Күмүштак, Чоң-Чычкан, Табылгаты жана Калба.

Мындан тышкары, балык запастарын коргоо чаралары күчөтүлүп, ыктыярдуу көзөмөлчүлөрдүн тармагы түзүлөт. Жергиликтүү калкка бул тыюу тууралуу маалыматтык каражаттар аркылуу кабар берилет.

Ошондой эле, «Чегетей-Тоо» жана «Марал-Тоо» ЖЧКлары Балык чарба департаменти менен биргеликте балык уулоого тыюу салуу тууралуу эскертүү белгилерин орнотушат жана браконьерликке каршы иш-чараларга активдүү катышышат.