Баткенде Кара-Кол каналынын суусун топтоо үчүн БСР курулат
КРнын Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Абдирашит Ташбалтаев, район акими Данир Иманалиев, Баткен шаар мэри Сейтек Кулубаев жана суу чарба тармагынын жетекчилери, сугат суу боюнча атайын адистер, Баткен районунун Кара-Булак айыл аймагындагы Кара-Кол каналын куруу, калыбына келтирүү иштеринин аткарылышын жеринде көрүп, каналдын суусун топтоочу курулмаларынын ордун пландоо иштерин жүргүзүштү.
Узундугу 14 км болгон каналдын жана башкы суу алуучу түйүнүн курулушуна республикалык бюджеттен 23 млн сом бөлүнгөн, ал эми Агахан Эл аралык уюумунан 24 млн сом грант каралган. Кара-Кол каналынын башкы суу алуу түйүнүнө кошумча 16млн 900миң сом жумшалган.
Бул ири долбоордун аякташы менен 1200 гектар жер сугат суу менен камсыз болуп, жакын жайгашкан айылдарга сугат суу берүү жакшырат.
Көлөмү 1 кубка чейин жеткен сууну тамчылатып сугаруу системасы менен пайдаланып, эки эсе көп жерди өздөштүрүү максатталган.
