Нарын жана Ысык-Көл облустарында органикалык айыл чарба боюнча семинарлар башталды
11 июль

Нарын жана Ысык-Көл облустарында органикалык айыл чарба боюнча семинарлар башталды

Кыргызстанда органикалык айыл чарбасын илгерилетүү максатында, Европа коопсуздук жана кызматташтык уюмунун (ЕККУ) Бишкектеги Программалык кеңсесинин колдоосу менен «Салттуу айыл чарбасынан органикалык айыл чарбасына өтүү жана кепилдикке катышуу системасы (PGS) аркылуу органикалык өндүрүштүн шарттары жана эрежелери» темасындагы окутуу семинарлары башталды.

Бул иш-чаралар жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын, өз алдынча башкаруу органдарынын жетекчилери, ошондой эле дыйкан-фермерлер үчүн уюштурулган.

Окутуу 2025-жылдын 7-июлунан 18-июлуна чейин өтөт:

  • 7–11-июль – Нарын облусунда,
  • 14–18-июль – Ысык-Көл облусунда уланмакчы.

Катышуучулардын арасында райондук мамлекеттик администрациянын башчылары, Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигине караштуу Кайра иштетүү өнөр жайы жана органикалык айыл чарба департаментинин өкүлдөрү, «BIO-KG» Органикалык кыймыл Федерациясынын кызматкерлери жана дыйкандар бар.

Семинардын негизги максаттары:
Салттуу айыл чарбасынан органикалыкка өтүү: фермерлерге органикалык өндүрүшкө өтүүнүн эрежелерин түшүндүрүү жана PGS системасы аркылуу органикалык чарбанын артыкчылыктарын көрсөтүү.

Дыйкандарга мамлекеттик колдоо тууралуу маалымат берүү: органикалык өндүрүшкө өтүүдө мамлекеттен жана башка уюмдардан ала турган жардамдар жөнүндө маалымдоо.

Тажрыйба алмашуу: катышуучулар арасында пикир бөлүшүү, ийгиликтүү тажрыйбаларды үйрөнүү үчүн диалог түзүү.

Семинарлардын жүрүшүндө катышуучулардын маалымдуулук деңгээлин аныктоо үчүн тесттер өткөрүлүп, маалыматтык видеороликтер көрсөтүлүүдө. Ошондой эле, практикалык тажрыйба алуу үчүн органикалык чарбаларга экскурсиялар уюштурулат.

Бул семинарлар Кыргызстандын айыл чарбасында жаңы, туруктуу жана экологиялык багыттарды өнүктүрүүгө өбөлгө түзүп, органикалык өндүрүштүн көлөмүн көбөйтүүгө жана дыйкандардын экономикалык абалын жакшыртууга чоң салым кошору күтүлүүдө.