Кыргызстандын чек арачылары аткезчилик жол менен 100 аквариумдук таш башканын алынып өтүшүнө бөгөт коюшту
9 апрель

Кыргызстандын чек арачылары аткезчилик жол менен 100 аквариумдук таш башканын алынып өтүшүнө бөгөт коюшту

Кыргыз Республикасынын УКМК Чек ара кызматынын маалымат жана коммуникация башкармалыгы 2025-жылдын 8-апрелинде “Достук-автожол” көзөмөл-өткөрүү пунктунун чек арачылары кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасы аркылуу ири партиядагы аквариумдук таш бакаларды алып өтүүгө аракет кылган жаранды кармашкандыгын маалымдайт.

Стандарттуу паспорттук көзөмөл процедурасы учурунда чек арачылар Кыргызстандан Өзбекстанга бараткан жарандын шектүү жүрүм-турумун байкашкан.

Текшерүү учурунда 1991-ж.т., С.М., аттуу Кыргызстандын жараны рюкзагына полиэтилен баштыкка тирүүлөй 100 аквариумдук таш баканы салып алып өтүүгө аракет кылгандыгы аныкталган.

Кармалган жаран таш бакаларды бейтааныш адамдын өтүнүчү менен чек арадан алып өтүүгө алгандыгын билдирген.

Текшерүү учурунда ал жаранда жаныбарларды чек арадан алып өтүүгө уруксат берүүчү документтер жок экендиги аныкталган.

Кармалган жаран жана конфискацияланган таш бакалар андан аркы териштирүүлөр жүргүзүлүшү үчүн жана Кыргыз Республикасынын мыйзам чегинде чара көрүлүшү үчүн тийиштүү компетенттүү органдардын кызматкерлерине өткөрүлүп берилди.