«Тоң балык өстүрүү заводунда» карп-сазан балыгынын личинкалары чыга баштады
2025-жылдын жаз-жай мезгилине карата бекитилген план-тапшырмага ылайык, мамлекеттик «Тоң балык өстүрүү заводунда» филиалынын инкубациялык цехинде «Вейс» аппараттарына коюлган карп-сазан балыгынын уруктары ийгиликтүү түрдө инкубацияланып, алгачкы личинкалар жумурткадан чыга баштады.
Бул процесс балык чарбасында өтө маанилүү этап болуп саналат жана өндүрүштүк технологиялар туура сакталганын тастыктайт. Инкубация балык ресурстарын калыбына келтирүүдө жана балык чарбасын өнүктүрүүдө негизги роль ойнойт.
«Тоң балык өстүрүү заводунда» өлкөдө аквакультураны өнүктүрүүдө жана азык-түлүк коопсуздугун камсыздоодо чоң салым кошуп келе жатат.
