Кыргыз Улуттук агрардык университетинде “In vitro” лабораториясы иштеп жатат
23 октябрь

Кыргыз Улуттук агрардык университетинде “In vitro” лабораториясы иштеп жатат

Кыргыз Улуттук агрардык университетинин заманбап шартта курулган in vitro лабораториясында картошканын суперэлита жана элита сорттору, ошондой эле кожогат, кызыл гожо мөмөсү жана гибриддик терек өстүрүлүүдө.

Лабораториянын негизги артыкчылыгы — вируссуз, ооруларга туруктуу, климаттык шарттарга ыңгайлашкан жана жогорку түшүм берүүчү өсүмдүк көчөттөрүн жана үрөндөрүн алуу мүмкүнчүлүгүндө. Бул ыкма айыл чарба өсүмдүктөрүнүн сапатын жакшыртып, таза үрөн фондун түзүүгө жана агрардык тармакта инновациялык технологияларды өнүктүрүүгө өбөлгө түзөт.

Аталган in vitro ыкмасы аркылуу алынган көчөттөр жана үрөндөр келечекте фермерлер үчүн ишенимдүү жана экономикалык жактан пайдалуу булак болуп берери күтүлүүдө.