Кыргызстанга экологиялык таза инвестициялык тартуу боюнча семинар өттү
23 октябрь

Кыргызстанга экологиялык таза инвестициялык тартуу боюнча семинар өттү

Бишкекте Кыргызстанга экологиялык таза инвестицияларды тартуу стратегиялары жана Париж келишиминин 6-беренесин колдонуу аркылуу көмүртек кредиттеринин мүмкүнчүлүктөрү талкууланган семинар өттү.

Иш-чара, Түштүк Корея Республикасынын KOTRA уюмунун 2025-жылга карата парник газдарынын бөлүнүп чыгышын азайтуу боюнча эл аралык долбоорлордун техникалык-экономикалык негиздемесин колдоо программасынын алкагында уюштурулган. 

Семинар Түштүк Корея жана Кыргызстандын биргелешкен өнөктөштүгү аркылуу өткөрүлдү. Иш-чаранын уюштуруучулары: UPROOT Y, G2G, Сунгкюнкван университети (SKKU), Университеттер менен өнөр жайдын кызматташтык фонду, Blue Networks, MOCHA, жана Кыргызстан тараптан ААК “Кыргыз Агрохолдинг” болду.

Семинардын негизги максаты – мамлекеттик кызматкерлерди Париж келишиминин 6-беренесин пайдалануу аркылуу “жашыл” инвестицияларды тартуу механизмдери жана эл аралык көмүртек рыногуна катышуу жолдору менен тааныштыруу болду.

Иш-чаранын жүрүшүндө катышуучуларга Париж келишиминин 6-беренеси жана көмүртек кредиттери боюнча практикалык колдонмо сунушталып, анда төмөнкү темалар камтылды:

    •    Кыргызстандын углероддук нейтралдуулукка жетүү максаттары;

    •    парник газдарынын бөлүнүшүн кыскартуу боюнча эл аралык кызматташтык механизмдери;

    •    улуттук институционалдык жана саясаттык негизди (National Framework) түзүүнүн мааниси;

    •    ITMO сыяктуу эл аралык көмүртек операцияларынын иштөө өзгөчөлүктөрү.

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров 2021-жылы Глазгодо өткөн Бириккен Улуттар Уюмунун климат боюнча конференциясында өлкөбүздүн 2050-жылга чейин углероддук нейтралдуулукка жетүү, ал эми 2030-жылга чейин парник газдарын 44%га кыскартуу максатын койгонун белгилеген.

 Уюштуруучулар белгилешкендей, Кыргызстан үчүн көмүртек рыногуна толук кандуу катышуу жана эл аралык “жашыл” инвестицияларды тартуу үчүн улуттук деңгээлдеги институционалдык база, координациялык органдар, жана аралык ведомстволордун өз ара кызматташуусу абдан маанилүү.

Бул багыттагы иш-чаралар өлкөнүн туруктуу өнүгүүсүнө жана климаттык өзгөрүүлөргө адаптациялашууга өбөлгө түзөт.