Күзүндө 173 миң кг үрөн жайыттарга себилет
Жайыттарды калыбына келтирүү жана тоют базасын чыңдоо максатында 2025-жылдын күз айларында себүү иштерин жүргүзүү пландалууда. Бул иш-чаралар республикалык бюджеттен бөлүнгөн 50 млн сомдун эсебинен каржыланып, конкурс аркылуу “Сидс-Агро” жана “Карина-Агро” компаниялары менен келишим түзүлдү.
Жалпы 173 292 кг жайыт чөптөрүнүн үрөнү (кылкансыз кызыл от, таракбаш, шалбаа бетегеси жана эспарцет) сатып алынып, 2025-жылдын кеч күзүндө жайыт аянттарына себилет.
Бул аракеттер жайыттардын деградациясынын алдын алууга, мал чарбасын өнүктүрүүгө жана тоюттун сапатын жакшыртууга багытталган.
Белгилесек, жайыттар Кыргызстандын менчиги болуп эсептелет жана мамлекеттин өзгөчө коргоосунда турат. Республика боюнча жалпы жайыт аянты 8 985 813 гектарды түзсө, анын ичинен 139 404 гектары деградацияга учураган. Азыркы тапта өлкө аймагында 215 муниципалдык ишкана каттоодон өтүп, жайыттарды башкаруу багытында иш алып барууда. 2025-жылы эс алууга калтырылган жайыттардын аянты 401 398,15 гектарды түзөт.
